Министр: жыл башынан бери өлкөдө 38 адам сууга чөгүп, каза тапты

Сууга чөккөн адамдардын жарымынан көбү жаш балдар экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Быйылкы жылдын алты айында 38 адам сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, каза тапкандардын ичинен 20сы жаш бала, 14ү эркек киши, төртөө аял болгон.
Министрдин айтымында, былтыр бул убакта сууга чөгүп көз жумган 62 факт катталган.
Бир кишинин алы жетпей калат. Сууга чөккөн адамды куткаруу ыкмалары. Видео