БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. 18-июлга карата Кыргызстанда 88 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Билдирмеге караганда, бейтаптардын ичинен 72си оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышса, экөөнөн ПЦР-тест тапшырууда аныкталган. Сегиз жаңы учур сырттан келгендер (Корея, Литва, Венгрия).
Жуктургандар:
Бишкек — 81;
Жалал-Абад — 1;
Чүй облусу — 6.
"75 адам амбулатордук дарыланууда болсо, 13ү ооруканага жаткырылган. Азырынча бардык облустар жашыл зонада", — деп жазылат маалыматта.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан 201 704 адамдан коронавирус табылган.