Казакстандык машыктыруучуну Ысык-Көлдө койдуруп кеткен мас айдоочу кармалды

Автокырсык Комсомол айылында 16-июлда болгон. Казакстандык киши мүрт кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызстанда, тагыраагы, Ысык-Көл аймагында велосипед менен жолдо кетип бара жаткан машыктыруучуну койдуруп кетти деп шектелип жаткан айдоочу убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан кабарлады.
Медиктер текшере келгенде автокырсык учурунда Lexus автоунаасынын айдоочусунун ичип алганы аныкталган. Эми анын баш коргоо чарасын сот карамакчы.
Жол кырсык 16-июлда Ысык-Көл облусундагы Комсомол айылында болгон. Жеңил атлетика боюнча 58 жаштагы машыктыруучу Мурат Жузгенбаев аны башка автокөлүк менен кагышкан Lexus келип коюп кеткенде ошол жерден жан берген.
Ысык-Көлдө мас киши эки патрулдук машинаны коюп кетти. Видео