БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Дагы жакшы Кайгуул унааларын коюп кетти, имаратты сүзсө жаман болмок. Ички иштер министри Улан Ниязбеков Чолпон-Атадагы жол кырсыкка ушундай баа берди.
Белгилей кетсек, кечээ, 17-июлда, мас айдоочу постто турган эки Кайгуул автоунаасын коюп кеткен. Мындан үч инспектор жаракат алып ооруканага түштү. Рулдагы киши Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №26 мекемесинин начальнигинин орун басары Т.М. экени айтылды.
"Дагы жакшы патрулдук автоунааны коюп кетти, биздин имаратты сүзүп кетсе эмне болмок. Анын ичинде кызматкерлерибиз отурат. Бул — мас айдоочулардын жеткен чеги болмок", — деди Ниязбеков.
Министр статистика боюнча ичип алып рулга отургандардын саны азайганын белгиледи. Ал эми мас айдоочуларга карата жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоору иштелип жатканын кошумчалады.