БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Нарын облусунун тургуну Орозобек Карпыков табылганын туугандары кабарлады.
Ал 13-июлдан бери изделип жаткан. Туугандарынын айтымында, 26 жаштагы киши Бишкекке Нарындын Көк-Мойнок айылынан келген. 13-июль күнү саат 9:24 чамасында апасына чалып, "Ош" базарынан батыш автобекетине бара турганын айткан боюнча байланышка чыккан эмес.
Маалым болгондой, аны кечээ Жибек Жолу Жаш гвардия проспектилеринин кесилишинен аман-эсен табышкан. Жакындары Карпыковду издөөгө жардам бергендердин бардыгына ыраазычылык билдирди.