Чүй облусунда жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата Чүй облусундагы аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Облустун өрөөндөрүндөгү, тоолуу райондорундагы жана Төө-Ашуу ашуусундагы аба ырайы да камтылган.
Сары-Өзөн жергесинде дүйшөмбүдө жана шейшембиде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок күндүзү тоолуу райондордо өткүн өтөт, ошол эле учурда дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт.
Шаршемби, бейшемби, жума, ишембиде күн чайыттай ачылып, 37ден 40 градуска чейин ысыйт.
Жекшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтөт, ал эми дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт.
Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Келерки аптада Ысык-Көлдө аба ырайы кандай болору айтылды