Чүйдүн айылдарынын биринде ферма өрттөнүп, 223 бука күйүп кетти. Видео

Өрт 17-июлда кечинде чыккан. Видеодо сүйлөп жаткан киши кырсык майдалагычтан чыкты деп айтканын угууга болот.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Пригородное айылында фермадан өрт чыгып, 223 бука тирүүлөй күйүп, 30 миң түк чөп өрттөнгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, өрт кырсыгы 17-июлда катталган. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы алты бөлүм, суу ташуучу бир автоунаа жана штабдагылар тартылган. ИИМдин аймактык тескөөчүсү, "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынан эки суу ташуучу автоунаа, "Газ чарба" кызматынан бир бригада, РЭТтен бир бригада барган.
Өрттөн улам ферманын 2 000 чарчы метр жери күйгөнү айтылып, тилсиз жоо түнкү саат 2:03тө чектөөгө алынганы кошумчаланды. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп, өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Бул жердегилер тирүүлөй күйүп кетти. Мариуполдогу тогуз кабат үйдөгү окуя