Чолпон-Атага Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери келет. Эмне талкууланат?

Садыр Жапаровдун айрым өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. 20-21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевге таянып кабарлады.
Жолугушууга мамлекет башчы Садыр Жапаровдон сырткары Казакстан башчысы Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан жетекчиси Эмомали Рахмон, Түркмөнстан менен Өзбекстан президенттери Сердар Бердымухамедов, Шавкат Мирзиёев катышары айтылды.
"Өлкө лидерлери регионалдык коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына биргелешип жооп кайтарууда Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара иштешүүсүн бекемдөө боюнча пикир алмашат. Аймактын мамлекеттеринин туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу максатында кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин, Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы маданий-гуманитардык өз ара кызматташуунун мындан ары чыңдоо маселелерин талкуулашат", — деген Азымбакиев.
Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги консультативдик жолугушуусунун алкагында регион өлкөлөрүнүн ортосундагы достукту, ынак коңшулаштыкты жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган документтерге кол коюу пландалууда.
Мындан тышкары, Садыр Жапаровдун айрым өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү маалым болду.
Баш катчы ШКУ саммитине мүчө өлкөлөрдүн баары катышарын ырастады