Быйыл Кыргызстанда буудай менен кант кызылчасы былтыркыдан аз эгилди

Дан эгиндеринен арпа менен жүгөрү бир аз көбүрөөк эгилген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызстанда быйыл буудай менен кант кызылчасы былтыркыга караганда аз эгилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 1-июлга карата берген маалыматында камтылган.
Жалпысынан 233,7 миң гектар жерге буудайдын үрөнү себилген, бул 2021-жылга салыштырмалуу 16,9 миң гектарга аз экенин көрсөтөт. Ошол эле учурда арпанын аянты 237,6 миң гектарды түзүп, 15,8 миңге көп айдалган. Жүгөрү 107,6 гектар жерге себилип, аянты былтыркыдан 1,6 миңге кеңейген.
Деген менен кант кызылчасы 9 миң гектар жерге айдалып, 1,2 миңге, күрүч 11,6 миң гектарга эгилип, 800гө азайган. Ал эми картошка 74,2 миң гектарга эгилип, айдоо аянты 700 гектарга кыскарган.
Кыргызстан май айында бир грамм дагы күмүш саткан жок