Бундестаг депутаты Европаны НАТОну таратуу даярдыгын көрүүгө чакырды

Европалык депутат алардын узак мөөнөттүү максаты — НАТОну таратып, анын ордуна жамааттык коопсуздук системасын киргизүү экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Европа мамлекеттери дүйнөдө тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо үчүн конфронтацияга умтулуп, блокко кирип ой жүгүртүүдөн кетиши керек. Мындай пикирин Бундестагдагы Солчулдар партиясынын депутаты Севим Дагделен Кытайдын Global Times басылмасына курган маегинде айтканын РИА Новости жазды.
Анын айтымына караганда, мындай кырдаалга ГФРдин экс-канцлери Вилли Брандт кезегинде жүргүзгөн чыңалган нерсени жумшарткан сыяктуу саясат керек. Депутат азыр кызыкчылыктарды теңдештирген бирден-бир нерсе — өсүп бара жаткан чыңалуудан чыгып кетүү жолу деген пикирин билдирди.
"Германиядагы көптөр үчүн бул утопия сымал сезилиши мүмкүн, биздин узак мөөнөттүү максатыбыз — НАТОну таратып, анын ордуна жамааттык коопсуздук системасын киргизүү. Бул куралсыздандыруу менен кызматташууга багыт алат", — деп түшүндүргөн депутат.
Дагделен муну менен катар эле НАТО буга чейинки айтып, деп келгенине карабай, баары бир коргонуучу союз эмес деген пикирин айткан. Альянстын мүчөлөрү үчүн, биринчи орунда алар ойлонбостон умтулган саясий жана экономикалык кызыкчылыктар турат. ЕБ АКШга жалпактап, алардын ою менен болуп турган позициядан оолакташы керек. Дегеле мындай алып караганда, Россиянын кызыкчылыгысыз Европада тынчтык орнотууга мүмкүн эмес.
"Конфронтациядан баш тартуу биринчи орунда, бул азыр жасай турган маанилүү кадам болуп турат", — деп сөзүн жыйынтыктаган депутат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: украин кризисин создуктуруу Европаны кыйроого кептейт