Чүй облусунун жерлери Бишкек шаарына өткөрүлүп, борбор калаа менен Орок айылы чектешкен жерге "Бишкек Сити" шаарчасы курулат. Бул тууралуу Курманбек Молдокулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, шаарчанын ээлеген жери 200 гектарды түзөт.
"Бишкектин түштүк тарабына жаңы шаарча салуу пландалууда. Ал "Бишкек Сити" деп аталып, аны курууда жаңы технологиялар колдонулат. Азырынча бул долбоор, концептуалдык негизде иштелип чыккан соң, лотторго бөлүнүп, ишкерлерге сунушталат. Анткени бир эле компания келип мунун баарын кура албайт да. Ишкерлер өзүн шаар куруудагы кайсы тармактан көрсө, ошол багыт боюнча ишин алып бара берет. Бирок концепция, архитектуралык ансамбль бир болот. Шаарчанын өзүндө социалдык объектилерден тарта бизнес-борборлор, соода түйүндөрү ачылат", — деди Молдокулов.
Ал шаарча куруунун максаты — борбор калааны кооз жана бийиктикке карай өнүктүрүүнү колго алуу экендигин кошумчалады.