Балыкчыда үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир жана автоунаа берилди. Сүрөт

18-июлда министр Кудайберген Базарбаев президенттин атынан батирдин ачкычын тапшырды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Балыкчы шаарында үч эмдүү болгон аз камсыз үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батир берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, бүгүн, 18-июлда, министр Кудайберген Базарбаев президенттин атынан батирдин ачкычын тапшырды. Базарбаев мамлекет башчы социалдык камсыздоо багытына өзгөчө көңүл бурарын белгилеген.
"Үч эмдин ата-энеси Канат Абдылдаев менен Айбарчын Бегалиеванын буга чейин өз үйү жок болчу. Алар аз камсыз үй-бүлө катары Тоң районундагы социалдык камсыздоо башкармалыгында каттоодо турат. Белек катары берилген батир Балыкчы шаарынын ортосунда жайгашкан, бардык шарттары бар", — деп айтылат маалыматта.
Үч эмдин ата-энесине жеңил автоунаа жана 150 миң сом дагы берилгени кошумчаланды.
Министрликтин маалыматы боюнча, 2021-жылы өлкөдө 15 үч эм төрөлгөн.
Быйыл 1000дей ымыркайга Акжол, Айсулуу, Мээрим, Айпери деген ат коюлган