Унаалардын терезесин караңгылатуудан бюджетке канча акча түшкөнү маалымдалды

Өлкөдө автоунаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга 23-майдан тарта уруксат берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков автоунааларды караңгылатуу акысынан канча каражат түшкөнүн билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда бул багытта 54 миллион сомдон ашык акча бюджетке түштү.
Учурда министр алты айлык иши боюнча ЖМК өкүлдөрүнө маалымат берип жатат.
Белгилей кетсек, өлкөдө автоунаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга 23-майдан тарта уруксат берилген. Ага ылайык бир жылдык мөөнөткө жеке жактар 80 миң, юридикалык жактар 100 миң жана чет элдиктер 120 миң сом төлөп караңгылата алат.
Министр Ниязбеков камералардын жардамы менен канча кылмыш аныкталганын айтты