Күндүн ысыгы 42 градуска чейин жетет! Кыргызгидрометтин эскертүүсү

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди суусуз калтыруудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Өлкө аймагында 20-25-июль аралыгында кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Чүй өрөөнүндө абанын күндүзгү температурасы 36…41, Таласта 34…39 градус ысык болот.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 37…42, тоо этектеринде 34…39 градус ысык болушу күтүлөт.
Суусамыр өрөөнүндө 27…32, Ысык-Көл ойдуңунда 29…34, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 31…36, тоолуу райондордо 24…29, бийик тоолордо 14…19 градус чейин көтөрүлүшү мүмкүн.
Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы учурунда организмди суусуз калтыруудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө сунушталат. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн жакшылап сугаруу керек.
Күн катуу ысыйт. Бир жумага карата аба ырайы