11 жыл бою жакшы окуп, "Алтын тамга" алуудан бүтүрүүчүлөр келечекте эч кандай деле артыкчылыкка ээ болбой келишет. Бул бизде эле эмес дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жүрүп жаткан процесс. Мындай ою менен Кеңешбек Сайназаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып бөлүштү.
Анын айтымында, азыркы учурда артыкчылык аттестатка ээ болуу окуучунун чыныгы билим деңгээлин билдирбей калды.
"Алтын тамга" 2011-жылдан бери иштейт, бирок көрсөткөн жыйынтыктары көңүл жылытарлык болбой жатат. Артыкчылык аттестатына ээ болууну каалаган бүтүрүүчүлөрдүн 10 пайызга жетпегени гана сынактан өтүп, алып жатышат. Бул өз кезегинде балдардын мектептеги мамлекеттик экзаменден бошотулушунан башка эч кандай деле пайда алып келбейт. Бир эле артыкчылык аттестаты эмес, азыркы учурда артыкчылык диплому да ээсине өзгөчө кызмат кылып бере албайт. "Алтын тамганы" эң көп алган мезгил Билим берүү министрлигинин билдирүүсү боюнча 2021-жылга туура келет. Анда талапкер болгон 1394 баланын 511 гана "Алтын тамга" алышкан. Мындан башка жылдары бул көрсөткүч жалпы талапкер болгон окуучулардын 10 пайызга жетпегени гана артыкчылык аттестатын алганын көрсөтүп турат. Мисалы, быйыл 2000 окуучу документ тапшырып, 80 бала гана ээ болгон",— деди Сайназаров.
Адис окуучулар артыкчылык аттестат алууга убактысын коротпой, ЖРТга даярданууга басым жасашы керектигин кошумчалады.