19-июлга карата аба ырайы

19-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Шейшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +32...+37, Таласта +29...+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл аймагында +24...+29, Нарын жергесинде +26...+31 градус ысык болот.
Борбор калаада күндүн табы +35...+37, Ош шаарында +36...+38, Чолпон-Атада +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.
Күндүн ысыгы 42 градуска чейин жетет! Кыргызгидрометтин эскертүүсү