Жалал-Абадда күн 41 градуска ысыйт. Алдыдагы аптага карата аба ырайы

Облустун жана анын борбор калаасында кийинки жекшембиге чейин жамгыр жаабайт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Алдыдагы аптада Жалал-Абад облусунда абанын температурасы 41 градуска чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, облустун жана анын борбор калаасында кийинки жекшембиге чейин жамгыр жаабайт. Күн чайыттай ачылып, дүйшөмбүдө күндүзү 37…39 градус ысыйт. Ал эми жума, ишембиде күндүн табы 39...41 градуска жетет. Кайра жекшембиде 39 градуска түшөт.
Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.
Келерки аптада Ысык-Көлдө аба ырайы кандай болору айтылды