Ысык-Көлдө мас киши эки патрулдук машинаны коюп кетти. Видео

Окуянын кесепетинен үч милиционер жабыркады. Кырсык каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Бүгүн, 17-июлда, эртең менен саат 7:00 чамасында ЖАМК кызматкери Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунда токтоп турган эки патрулдук машинаны коюп кетти. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.
Маалыматка караганда, Т.М. аттуу бишкектик киши Kia Rio автоунаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жаткан. Ал рулду башкара албай калып, жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен. Анын кесепетинен жол четинде токтоп турган Ravon-Nexia үлгүсүндөгү эки патрулдук машинаны коюп кырсыктаган (Кара-Ой айылы).
"ЖКККББнын үч кызматкери жаракат алып Чолпон-Ата шаардык ооруканасына кайрылышты", — деп айтылат маалыматта.
Кырсык каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.
"Kia Rio машинасынын айдоочусу Т.М. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №26 мекемесинин начальнигинин орун басары экени жана ал мас болгону аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Көлдө мертинген казакстандык велосипедист СССРдин спорт чебери болгон