41 градуска жетет! Таласта бир жума бою күн катуу ысыйт

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Талас облусунда келерки жумада абанын температурасы 41 градуска чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Анда апта ичинде Талас шаарында жана өрөөндөрүндө жамгыр жаабай турганы айтылат.
Жуманын башында 32...34 градус ысыса, орто ченине барып күндүн табы 38 градуска чейин көтөрүлөт.
Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Аба ырайы: Нарында бир апта бою жаан жаабай, күн ачык болот