БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Европалык комиссия Россияга каршы санкциялардын жаңы пакетинде айыл чарба азыктары боюнча кандай гана чектөөлөр болбосун алып салууну сунуштаган. Бул тууралуу аталган ведомствонун билдирүүсүндө жазылган.
Анда санкция "дүйнөдөгү тамак-аш коопсуздугун сактоо боюнча комиссиянын чечкиндүү позициясын" бекемдей турганы айтылган. Жаңы пакетте Россия алтынын импорттоого тыюу салуу сунушталып, алдыңкы технологиялар менен жалпы жарандык өнөр жай тармагындагы товарлардын экспортуна катуу көзөмөл кылуу да жазылган.
Еврокомиссия антироссиялык чектөөлөрдү негизинен 2023-жылдын аягына чейин узартууга кеңеш берген. ЕБ бийлиги санкцияларды улантууну андан соң карап, чечерин айтышкан.
Евробиримдиктин кеңешине "активдерин иштетпей, жаап жана сапарларга чыгуу мүмкүнчүлүгүн чектей" турган тизмеге киргизе турган жеке жана юридикалык тараптардын талапкерлерин көбүрөөк сунуштоо пландалып жатканы маалымдалды.
ЕБдин элчилери жаңы санкциялар пакетин кийинки аптада талкуулай турганы айтылды.