Радио

Тыналиева: окумуштуулук наамдарды ыйгаруу санариптештирилди

Президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын төрайымы, медицина илимдеринин доктору, профессор Бакыт Тыналиева табигый так илимдерге кызыгуу төмөндөп кеткендигин айтты.
Sputnik
Кыргызстанда бүгүнкү күндө миңден ашык илимдин доктору, 6 миңден көбүрөөк илимдин кандидаты бар. Бул тууралуу Бакыт Тыналиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, калктын санын эске алуу менен эсептегенде башка өлкөлөргө салыштырмалуу илимдин докторлору өлкөдө аз.
"2021-жылдын сентябрында Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия Президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссия деп өзгөртүлгөн. Мындай макам илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун мамлекеттик системасын мындан ары өнүктүрүүгө шарт түзөт. Бүгүнкү күндө миңден ашык илимдин доктору, 6 миңден көбүрөөк илимдин кандидаты бар. Ал эми акыркы төрт жылда өлкөдө 85 экономика илимдеринин доктору, 25 юридикалык илимдин доктору чыкты. Биздин мамлекет үчүн бул көрсөткүч абдан көп. Азыркы учурда коррупциялык элементтерди жоготуу, ачык-айкын иштөө максатында Улуттук аттестациялык комиссия окумуштуулук наам ыйгарууда санариптештирүүнү киргизди. Бул кадам сапаттуу диссертациялардын чыгышына жол ачат", — деди Бакыт Тыналиева.
Ошондой эле адис Кыргызстанда жыл сайын 30дай диссертациялык, 200дөй кандидаттык иш жазыларын, анын 10 пайызы комиссиянын сынынан өтпөй каларын кошумчалады.