Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Бул жердегилер тирүүлөй күйүп кетти. Мариуполдогу тогуз кабат үйдөгү окуя

Айлананы каптаган жагымсыз жыт аткылоого алынган көп кабаттуу үйдөн келип жатканы тургундарга түшүнүктүү. Sputnik Кыргызстандын видео тарткан тобу трагедия болгон жерге барды.
Sputnik
Мариуполдук Олег тогуз кабат имараттагы үрөй учурган окуяны айтып берди. Ал жакта жакын тууганы, эжелеринен болгон 72 жаштагы кемпирдин сөөгү дале жатат.
"Ал тогуз кабат ушул үйдө жашаган. Биринчи снаряд алардын жалпы коридоруна (мейманкана тибиндеги үй) түшкөн. Тууганым жана башкалар да сыртка чыга албай калышкан. Өрт чыккан. Мага аны чоң плита басып калганын айтышты. Бул дагы жакшы өлүм! Себеби калгандары тирүүлөй өрттөнүптүр. Эшикке чыга турган тепкич жок болгондугу үчүн эле күйүп кетишиптир", — деди ал.
Талкаланган бул тогуз кабат имараттын урандысында канча киши жатканы белгисиз.
Каза болгондордун туугандары маркумдардын каны "азовчулардын" мойнунда экендигин айтышты.
Тема боюнча:
Кошунаны огородго көмдүк. Донбасстагы спартактык аялдын видеосу
Украина күчтөрү Донецкидеги университетти аткылады. Видео