Министрлик 10 кыргызстандыкты Түштүк Кореяга дарыланууга жөнөтөт

Буга чейин КУУ менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган. Анын алкагында Кореянын дарыгерлери келип ооруган балдар, аялдарды текшерген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен Кыргызстандын 10 жараны Түштүк Кореяга дарыланууга барат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана КУУнун ректору Канат Сыдыков Кореянын Кемён университетинин Донгсан медициналык борборунун өкүлдөрү менен жолугуп, тараптар медициналык билим берүү тармагында кызматташуу маселелерин талкуулашкан.
"Кыргыз улуттук университети менен кызматташуу боюнча меморандумдун алкагында Кемён университети Кыргызстанга Донгсан медициналык борборунун дарыгерлерин жиберген. Алар тубаса жүрөк кемтиги, эрин жана таңдай жырыгы сыяктуу патологиялык оорулары бар балдарды жана аялдарды текшеришкен", — деп айтылат маалыматта.
Эми министрлик жана Улуттук университеттин демилгеси менен Кыргызстандын оор дартка чалдыккан 10 жаранын Түштүк Кореяга дарыланууга жиберүү пландалып жатканы кошумчаланды. Алмазбек Бейшеналиев Кореянын адистерин тартууга жана биргелешип иштөөгө кызыкдар экендигин белгилеген.
Кыргызстанда туристтерди тарткан 2,3 млн. долларлык долбоор ишке ашырылууда