Кардиолог: депрессия өлүмгө чейин алып барат

Дарыгер депрессиядан оолак болуу үчүн жашоонун сапатын жогорулатуунун жолдорун издөө керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Депрессия жүрөктүн булчуңдарынын оорушуна, инфарктка, бронхиалдык артерия оорусуна жана башка өлүмгө алып келген илдеттерге тушуктурат. Бул тууралуу "Известия" кардиолог, жүрөк-кан тамыр хирургу Владимир Хорошевге таянып жазды.

"Депрессия өлүмдүн бирден-бир себеби болуп саналат. Мындай абалда дофамин, окситоцин өңдүү гормондор азаят. Депрессия өрчүгөндө адам тынчсыздана берет", — деген Хорошев.

Анын кесепетинен майда тамырлар карышып, ткандарга жана бардык органдарга кычкылтектин жетиши кыйындайт. Акыры жүрөккө жана мээге байланыштуу ооруларга жеткирет.
"Бул деменциянын, Альцгеймер оорусунун жана борбордук нерв системасынын илдеттеринин өрчүшүнө алып келет. Мындан тышкары, кант диабетине да кептейт", — деген дарыгер.
Дарыгер депрессиядан оолак болуу үчүн жашоонун сапатын жогорулатуунун жолдорун издөө керектигин айтты.
Медик: адамдын кайсы жери ооруганын эриндеринен билсе болот