Бирөө кыймылдап... Индиядагы эки баштуу жыландын видеосу

Индиянын жашоочулары сейрек кездешкен эки баштуу жыланды таап алышты. Анын видеосу социалдык тармакка тараган.
Sputnik
YouTube-каналга видеону Jam Press жүктөдү. Жыланды Индиянын Раджастхан штатына караган Деоли шаарындагы храмдардын биринин жанынан байкашкан.
Аймактагы жаратылышты коргоо коомунун маалыматында, жыландын узундугу 17,7 сантиметр жана жумурткадан чыкканына жарым жыл болгон. Уулуу эмес чаар жыландардын катарына кирет. Адатта мындай жыландар көпкө жашай албайт, эки башы бир организм экенин билбей тамак талашышат. Ошондой эле бирөөсү тыңыраак келет. Видеодон бирөө соймолоп, бирок экинчиси аны ээрчибей, кыйналып жатканын көрүүгө болот.
Тема боюнча:
Таиландда табылган жүндүү жыландын видеосу