БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +32…+37, Таласта +30…+35, Ысык-Көл өрөөнүндө +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +34…+39, Нарын жергесинде +28…+33 градуска ысыйт.
Күндүн табы Бишкекте +35…+37, Ош шаарында +37…+39, ал эми Чолпон-Атада +26…+28 градус болот.