Кран менен көтөргөн. Чилиликтер кармаган өзгөчө балыктын видеосу

Чилидеги Арика шаарынын балыкчылары суу үстүнө сейрек чыккан суу жаныбарын кармаган. Видеодон аны кран менен өйдө көтөрүп жатканда куйругу али сууда калганын көрүүгө болот.
Sputnik
Ремнетел деп аталган бул балыктын узундугу 11 метрге чейин жетет. Японияда аны жер титирөө менен цунаминин кабарчысы же белгиси деп аташкан. Күн чыгыш элинин ырым-жырымга ишенген бөлүгү мындай балыкты кармаган кишини каргышка калат деп келишкен.
Ремнетел океандын, деңиздин эң тереңинде жашайт жана суу үстүнө ооруганда, өлгөндө же урук чачарда чыгат.