Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча координациялык кеңеш түзүлөт

Жолугушуунун негизги темасы үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жаатында кызматташуу болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча шаардык деңгээлде координациялык кеңеш түзүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим аталган темага арналган координациялык кеңешменин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган.
"Жыйынга вице-мэр Виктория Мозгачева, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, жарандык жана өкмөттүк эмес секторлордун өкүлдөрү катышты", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун негизги темасы үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жаатында кызматташуу болгон. Катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын аныктап, аларга муниципалдык кызматтарды көрсөтүп, колдоо маселелерин талкуулашкан.
Июнда балдарды коргоо боюнча ишеним телефонго 290 чалуу түштү. Статистика