Россиядан Кыргызстанга кароосуз калган алты бала алып келинди

Дипөкүлчүлүк Кыргызстандын Россиядагы жашы жете элек жарандарынын укуктарын коргоо боюнча ишин улантат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Россияда кароосуз калган кыргыз жарандыгына ээ алты бала мекенге кайтарылды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, балдарды алып келүү ишин Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги уюштурган.
Элчилик Россиянын органдары менен балдарды өлкөгө жөнөтүү боюнча процедураларын аткарып, зарыл болгон тиешелүү документтерди даярдоого көмөк көрсөткөн.
Дипөкүлчүлүк Кыргызстандын Россиядагы жашы жете элек жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишин уланта турганы кошумчаланды.
Карылар жана балдар үйүндө жашагандардын тамактануусуна 2 эсе көп акча бөлүнөт