The Wall Street Journal: Путиндин амалы АКШны жеңилүүгө кептеп жатат

Журналист учурда Москва Түндүк — Түштүк багыты боюнча дипломатия, экономика жана коопсуздук жаатында жаңы система куруп жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Батыштын санкцияларынан келтирилген зыяндын ордун Азия рыногуна жөнөтүлгөн газдын эсебинен толтурду. Бул тууралуу The Wall Street Journal гезитине баяндамачы Жеральд Сейб жазганын РИА Новости билдирди.
"Путиндин кубануусу үчүн негиз бар. Ал экономикалык багытта Индияга ири көлөмдө мунай сатып, Пакистанга жаратылыш газын сатуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат", — деп жазган журналист.
Автор Россия президентинин дипломатиялык майданда да ийгиликтери бар экенин белгилеген. Макалада 35 өлкө, анын ичинде Индия, Кытай жана Түштүк Африка БУУнун Башкы Ассамблеясынын марттын башында өткөн сессиясында атайын операцияны сынга алуудан баш тартканы да айтылган.
Сейб Путинге БРИКС жана ШКУ өлкөлөрү артыкчылык бере турганына көңүл бурган.
Журналист белгилегендей, Москва Украинанын айланасындагы кырдаалдан улам Чыгыш менен Батыштын мамилесинин начарлашынын фонунда Түндүк — Түштүк багыты боюнча дипломатия, экономика жана коопсуздук жаатында жаңы система куруп жатат. Кытай Россиянын негизги союздашы болуп калды.
Автор Украинадагы жаңжал башталгандан кийин АКШ жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү Батышты бириктирүүгө басым жасаганын белгилеген. Ал Африка жана Латын Америкасы өлкөлөрүнө АКШнын кайдыгер мамилеси, ошондой эле Вашингтонду ишенимсиз өнөктөш катары кабыл алуу Россия менен Кытайга маневр үчүн ачык мейкиндик берет деп эсептейт.
АКШнын экс-элчиси: өлкөдө Путиндин Украина боюнча айткандарын колдогондор көп