Нарындын 26 жаштагы тургуну изделүүдө. Сүрөт, белгилери

13-июль күнү саат 9:24төр чамасында апасына чалып "Ош" базарынан батыш автобекетине бара турганын айткан боюнча кайра байланышкан эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Нарын облусунун тургуну Орозобек Карпыков 13-июлдан бери дайынсыз болуп жатканын туугандары кабарлады.
Дайынсыз болуп аткан Нарын облусунун тургуну Орозобек Карпыков. Архивдик сүрөт
Алардын айтымында, 26 жаштагы киши Бишкекке Нарындын Көк-Мойнок айылынан келген. 13-июль күнү саат 9:24 чамасында апасына чалып, "Ош" базарынан батыш автобекетине бара турганын айткан.
"Автобекеттен ал таксиге түшүп, айылга чыкмак. Ошондон бери дайынсыз. Кабарлаша албай жатабыз", — деген жакындары.
Белгилери: бою 170-175 сантиметр, орто салмакта. Көк көйнөк, кара көк шым кийип жүргөн. Туугандары Сокулук РИИБге арыз менен кайрылышкан. Аталган факт бирдиктүү реестрге катталып, жоголгон адам изделүүдө.
Орозбек Карпыковду көрүп же анын кайда жүргөнүн билгендер (0705) 566 456, (0703) 751 438 же 102 телефондоруна чалса болот.
Бишкекте изделип жаткан 12 жаштагы Эмир табылды