Аба ырайы: Нарында бир апта бою жаан жаабай, күн ачык болот

Түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31 градуска чейин ысык болушу мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Келе жаткан аптада Нарындын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалымат кызматы кабарлады.
17-18-июлда тоолуу аймакта жаан жаабайт, 19-июлда күндүз айрым жерлерде өткүн өтүшү мүмкүн. Башка күндөрү 23-июлга чейин күн ачык болору божомолдонду.
Абанын температурасы түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31 градуска чейин ысык болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши ыктымал.
Келерки аптада Ысык-Көлдө аба ырайы кандай болору айтылды