Кыргызстанда туристтерди тарткан 2,3 млн. долларлык долбоор ишке ашырылууда

ТИМ өкүлү кыргыз тарап өлкөнүн тарыхый-маданий мурастарынын бирдиктүү маалымат базасын түзүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Түштүк Кореянын Маданият, спорт жана туризм министрлигинин алдындагы Азия маданият борборунун президенти Ли Кан Хен башында турган делегация менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Түштүк Кореянын Маданият, спорт жана туризм министрлигинин алдындагы Азия маданият борборунун президенти Ли Кан Хен башында турган делегация менен жолукту.

2 / 2

Кемелова кыргыз тарап өлкөнүн тарыхый-маданий мурастарынын бирдиктүү маалымат базасын түзүүгө, аны чет өлкөлөрдө кеңири жайылтууга жана чет элдик туристтерди тартууга кызыкдар экенин белгиледи.

"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын маданий мурастарын санариптештирүү долбоорун ишке ашырууну талкуулашты. Бул үчүн Корея өкмөтү жардам катары 2,3 миллион доллар бөлөт", — деп айтылат маалыматта.
Кемелова кыргыз тарап өлкөнүн тарыхый-маданий мурастарынын бирдиктүү маалымат базасын түзүүгө, аны чет өлкөлөрдө кеңири жайылтууга жана чет элдик туристтерди тартууга кызыкдар экенин белгиледи.
ТИМ долбоор Кыргызстандын Маданият министрлиги тарабынан ишке ашырыла турганын эске салды. Анда үч маданий жайдын, тагыраагы, Улуттук тарых музейи, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи жана Курманжан датка атындагы көчмөн цивилизациясы борборунун потенциалдарын бекемдөө пландалууда.
Мыкты кинодолбоорго сынак жарыяланды. Шарты