БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус инфекциясы бир суткада 91 кишиден аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 91 кишинин 63ү симптомдор пайда болгондо кайрылган. 21 адамда ПЦР-тесттин жыйынтыгы менен билинген, алар сыртка учууга камынып жаткан. Калган үч киши чет мамлекеттен жуктуруп келгени маалым болгон.
Ооругандардын жашы, саны:
6 жашка чейин — 7 (7,7 пайыз);
7-17 жаш — 7 (7,7);
18-29 жаш — 11 (12,1);
30-64 жаш — 53 (58,3);
65 жаштан өйдө — 13 (15,4).
Учурда амбулатордук шартта 85 бейтап дарыланууда, 16 киши ооруканада жатат.
Ооруканада жаткандар:
Бишкек — 75;
Ош облусу — 1;
Ош шаары — 5;
Талас облусу — 1;
Ысык-Көл облусу — 1;
Чүй облусу — 8.
Министрлик бардык аймак жашыл зонада экенин кошумчалады.
Пандемиядан бери өлкөдө коронавирус 201 505 адамдан чыккан.