Радио

Айсаракунова: күндүн нуру өзү аллергиялык реакцияны козгой албайт

Республикалык тери-венерология борборунун дерматовенерологу Жыпара Айсаракунова фотодерматит же күнгө болгон аллергия оорусу тукум куубай турганын айтты.
Sputnik
Фотодерматит (фотодерматоз) — теринин күн нуруна сезгичтигинин жогорулашынан пайда болгон оорулар. Ал териге ыйлаакчалар чыгып, теринин кызаруусу, кычышуусу жана түлөө менен мүнөздөлөт. Фотодерматит жана анын түрлөрүн кадимки аллергиялык реакция менен чаташтырып алуу мүмкүн. Бул тууралуу Жыпара Айсаракунова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, фотодерматит же күнгө болгон аллергия оорусу тукум куубайт.
"Майдын аягынан октябрга чейин саат 11:00дон 16:00 аралыгында күндүн ультрафиолет нуру өтө ачуу тиет. Ушул мезгилде фотодерматит, мындайча айтканда, күнгө болгон аллергия күч алат. Тобокелдик тобуна балдар, кош бойлуу аялдар, ак терилүү жана сары чачтуу адамдар кирет. Алар күнгө чыкканда терисинин ачык жерлеринде эритема пайда болуп, кийин майда бүдүрчөлөр чыгат. Бирок күндүн нуру өзүнөн-өзү эле аллергиялык реакцияны козгой албайт. Бул симптомдордун бардыгы нурлардын башка факторлор менен өз ара аракеттенүүсүнөн улам болот. Мисалы, айрым өнөкөт оорулар (онкология, туберкулез, терисине жара чыккандар), иммундук системанын начарлашы, дары-дармектер, анын ичинде антибиотиктер аллергияны козгойт. Ошондой эле азыркы учурдагы адамдардын тамактануусу, колдонгон косметикалык каражаттарына да байланыштуу болушу мүмкүн. Андыктан кайсы гана адам болбосун күнгө аз-аздан чыгып күйүп, коргоочу крем сүйкөнүп алганы туура. Фотодерматит дененин ачык жерлери — бет, моюн, кол, ийин, кол жана буттарда пайда болот. Ал кызарып, шишип, исиркектенип, адамдын абалы начарлап, дене табы көтөрүлүп, баш айлануу менен коштолушу мүмкүн. Башка аллергиялык реакциялардан айырмаланып, фотодерматоз теринин күн тийген жерлерине гана пайда болот. Жеңил формада симптомдор бир нече күндөн кийин өзүнөн-өзү жоголуп кетиши мүмкүн, ошентсе да дарыгерге кайрылып койгон оң. Анын себептерин аныктап, туура дарылоону тандап жана териге кам көрүү боюнча сунуштарды алуу зарыл", — деди Айсаракунова.
Ал фотодерматиттин белгилери байкалса, өз алдынча дарыланбастан тезинен дарыгерге кайрылуу керектигин, медик зарыл болгон дары-дармекти жазып берерин кошумчалады.