Көлдө мертинген казакстандык велосипедист СССРдин спорт чебери болгон

Каргаша бүгүн эртең менен болгон. Казакстандын Жеңил атлетика федерациясы маркум тууралуу маалымат таратты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө велосипед тээп бара жатып жол кырсыгына кабылып көз жумган казакстандык киши СССРдин спорт чебери, жеңил атлетика боюнча жогорку квалификациялуу машыктыруучу Мурат Жузгенбаев болгон. Бул тууралуу Tengrinews басылмасы кабарлады.
Эске салсак бүгүн, 16-июль күнү, саат 07:40тар чамасында Булан-Сөгөттү жана Бостери айылдарынын ортосунда жол кырсыгы катталган. Анда Lexus 330 унаасынын айдоочусу Nissan Micra машинасын сүзүп, андан кийин жол жээгинде велосипед тээп келе жаткан казакстандык 58 жаштагы жаранды коюп кеткен. Ал окуя болгон жерден каза тапкан.
Казакстандын Жеңил атлетика федерациясы Мурат Жузгенбаев СССРдин спорт чебери, жогорку квалификациялуу машыктыруучу болгонун, бир нече спортчуну таптаган, кесипкөй, чынчыл, жоопкерчиликтүү жана эмгекти сүйгөн адам экенин билдирди.
Жузгенбаевдин сөөгү өзү туулган Алматы облусунун Жамбыл районундагы айылда жерге берилет.
Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин электрондук журналына катталып, чогулган материалдар тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүп берилген.
Ошондой эле тийиштүү экспертизалар дайындалып, айдоочулардын алкоголдук ичимдик ичкен-ичпегендигин тастыктоо үчүн медициналык кароо өткөрүлүп жатат.
Суусамырда унаа оодарылып айдоочу менен кайненеси мүрт кетти, 3 баласы ооруканада