БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 58 жаштагы казакстандык киши көз жумду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин социалдык тармактарда Lexus 330 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу велосипед айдап бараткан кишини сүзүп кетти деген видеотасма тараган.
Милицияга бүгүн, 16-июль күнү, саат 07:40тар чамасында Булан-Сөгөттү жана Бостери айылдарынын ортосунда жол кырсыгы болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.
"Бишкек шаарынын 41 жаштагы тургуну У.А. Lexus 330 унаасын чыгыштан батышты көздөй айдап бара жаткан. Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунун 97-чакырымынан 40 жаштагы П.И. аттуу кишинин башкаруусундагы Nissan Micra машинасын капталдан сүзгөн. Андан кийин жол жээгинде велосипед тээп келе жаткан казакстандык 58 жаштагы Д.М. аттуу жаранды сүзүп алган. Ал окуя болгон жерден каза тапкан", — деп жазылган маалыматта.
Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин электрондук журналына катталып, чогулган материалдар тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүп берилген.
Ошондой эле тийиштүү экспертизалар дайындалып, айдоочулардын алкоголдук ичимдик ичкен-ичпегендигин тастыктоо үчүн медициналык кароо өткөрүлүп жатат.