Казыбек казалчынын 120 жылдыгы. Министрлик өтчү иш-чараларды тизмектеди

Жыл ичинде Казыбек казалчы жөнүндө китеп чыгаруу, Бишкектеги мектептердин бирине ысымын ыйгаруу пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги акын Казыбек Мамбетимин уулунун (Казыбек казалчы) 120 жылдыгына карата өтө турчу иш-чаралардын планы талкууланганын кабарлады.
Планга ылайык, жыл ичинде Казыбек казалчы жөнүндө китеп чыгаруу, даректүү тасма тартуу, мектеп программасына кирген чыгармаларын жаңылоо жана толуктоо, буга чейин Казыбек казалчы жөнүндө чыгарылган китепти түрк тилине которуу, басып чыгаруу жана бет ачарын өткөрүү сүйлөшүлгөн. Ошондой эле Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Казыбек казалчынын чыгармаларын даңазалоого арналган акындардын эл аралык айтышын өткөрүү, Бишкек шаарынын мектептеринин бирине ысымын ыйгаруу сыяктуу бир катар иштер пландалганы маалым болду.
Министр Азамат Жаманкулов
"Жыйында министр Азамат Жаманкулов жана уюштуруу тобу казалчынын 120 жылдык юбилейин жогорку деңгээлде өткөрүү жана уюштуруу маселелерин чечүү керектигин макулдашты. Министрлик тиешелүү иштерди алып баруу жана анын жүрүшү тууралуу маалыматты коомчулук менен бөлүшүп турмакчы", — деп айтылат маалыматта.
Казыбек Мамбетимин уулу 1901-жылы (айрым маалыматтарда 1902-жылы) азыркы Ат-Башы районунун батыш жагындагы Чет-Келтебек жайлоосунда туулган. 28 жашында сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон Мамбетимин уулу Казыбек Жогорку Сот тарабынан быйыл акталды. Казалчынын ырлары Теңир-Тоодо гана эмес, Кытайдын Шыңжан-Уйгур автоном районунун аймагында да ырдалып жүрөт.
Токтобек Асаналиев: Казыбек казалчы акталып, экинчи өмүрү башталды