БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Интернетте жылдызы жанган Бегимай Турусбекова россиялык алып баруучу Андрей Малахов менен жолугуп, анын "Привет, Андрей" берүүсүнө катышты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирип, алып баруучу менен түшкөн сүрөтүн жүктөгөн.
Буга чейин маданият министри Азамат Жаманкулов да Турусбекова менен жолугуп, министрлик эл аралык сынактарга катышууга көмөктөшө турганын айткан.
Бегимай Турусбекованын Бишкектеги "Ынтымак" паркында дүйнөлүк хит ырларды аткарган видеосу соцтармакка тарап, заматта жылдызга айланган. Ал буга чейин Күрөңкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынан билим алып, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде окуган.
Буга чейин ырчы маектеринин биринде Россиянын "Привет, Андрей" долбооруна катыша турганын айткан. Телешоунун тартуу тобу Бегимай Турусбекованын жашоосу тууралуу сюжет тартуу үчүн анын туулуп-өскөн жери Казарманга келген. Кийинчерээк ал Москвага чакырылган.