Чүйдө соттолгон 7 өспүрүм окууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүк алды. Сүрөт

Панфилов районундагы Вознесеновка айылындагы №14 тарбиялоочу мекемеде абакта отурган балдар кесиптик окуу жайда окушат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Чүйдө соттолгон жети өспүрүмгө окууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүк тапшырылды. Бул маалыматты Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматы таратты.
Чүйдө соттолгон жети өспүрүмгө окууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүк тапшырылды.
Балдарга күбөлүк Панфилов районундагы Вознесеновка айылындагы №14 тарбиялоочу мекемеде берилген.
"Мыйзам бузган жашы жете элек өспүрүмдөр кесиптик лицейди ийгиликтүү аяктап, техникалык адистикке ээ болду. Мугалимдер аларга тиешелүү сертификаттарды салтанаттуу түрдө тапшырды", — деп айтылат маалыматта.
№14 тарбиялоочу мекемеде кесиптик окуу жайдан сырткары мектеп дагы бар.
Жаза аткаруу кызматында иштегиңиз келеби? Талаптар