Бишкекте мыйзамсыз объектилерди байкадыңызбы? Кайрыла турчу тараптар

Муниципалдык инспекция мыйзамсыз жайгашкан көрнөк-жарнактарды, жеңил курулуштарды орнотулган жеринен алынышы керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясынан борбор калаадагы мыйзамсыз объектилерди түрттүрүү маселеси боюнча кайсы тарапка чалса болорун айтып, телефон номерлерин берди.
Тагыраагы, көрктөндүрүү иштерине, жерди колдонуу маселесине көзөмөл кылган муниципалдык инспекция мыйзамсыз орнотулган көрнөк-жарнактарды, жеңил курулуштарды, уруксат берилбеген баннерлерди жана башкаларды коюлган жеринен ала тургандыгын билдирди.
Кайрыла турган телефон номерлери:
Свердловск району — 0 (705) 00-31-37;
Октябрь району — 0 (551) 55-17-45;
Биринчи май району — 0 (555) 40-48-18;
Ленин району — 0 (550) 07-05-05.
Үйлөрдү мыйзамдаштыруу. Бишкек мэриясы 18-июлда арыздарды кабыл ала баштайт