Бишкекте айдоочу аялды сүзүп кетип, ооруканага жеткирген соң качып кеткен

Кырсык 14-июлда чак түштө болгон. Аялдын омурткасы сынгандыктан операция жасалары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бишкекте жеңил автоунаанын айдоочусу аялды сүзүп кетип, аны ооруканага алып барган соң из жашырып кеткен. Маалыматты Бишкек милициясынын Кайгуул кызмат башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу тастыктады.
Анын айтымында, айдоочу аялды 14-июль күнү саат 13:00дөр чамасында Жаш гвардия жана Жибек Жолу проспектилеринин кесилишиндеги жөө адамдар өтө турган чийинден коюп кеткен. Кырсык катталгандан кийин Mitsubishi үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу аялды Фучик көчөсүндөгү № 1 шаардык клиникалык ооруканасына жеткирген. Дарыгерлер аны кароого алып киргенде айдоочу кетип калган.
Жабыркаган аял 53 жашта. Кырсыктан омурткасы сынып кеткендиктен, дарыгерлер операция жасатуу керектигин айткан.
Аялдын жакындары милицияга арыз менен кайрылып, аталган факт бирдиктүү реестрге катталган. Учурда айдоочу изделүүдө.
Велосипед тээп бараткан. Көлдө жол кырсыгынан 58 жаштагы казакстандык көз жумду