Келерки аптада Ысык-Көлдө аба ырайы кандай болору айтылды

Кийинки аптада Көлдө абанын температурасы 32...33 градуска чейин жетиши күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Ысык-Көл облусунда аба ырайы кандай болорун божомолдоду.
Ага ылайык, кийинки жумада аталган аймакта күн жылуу болуп, жаан-чачындын катуу жаашы күтүлбөйт.
19-июлда күндүз жана 20-июлда түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүшү ыктымал. Башка күндөрү 23-июлга чейин абанын температурасы 32...33 градуска чейин ысышы күтүлүүдө.
Чолпон-Ата, Каракол шаарларында да күн ачык болору божомолдонду.
Августта күн катуу ысыйбы? Бир айга карата аба ырайы