Балыкчыда милициянын коомдук алдын алуу борбору ачылды. Сүрөт

Коомдук алдын алуу борборунун кызматкерлери элдин кайрылууларын кабыл алып, жардам көрсөтүп, укук бузуулардын алдын алууга багытталган жолугушууларды уюштурат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Балыкчы шаарында милициянын коомдук алдын алуу борборунун жаңы имараты ишке берилди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ачылыш аземге президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Канат Жумагазиев, Балыкчы шаарынын вице-мэри Азиз Асаналиев жана милиция кызматкерлери катышкан.
"Бул борбордо эл менен тыгыз иштөөгө жана калкты тейлөө сапатын жакшыртууга бардык шарттар түзүлгөн. Ал жакта милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү, аксакалдар сотунун, жаштар жана аялдар кеңештеринин төрагалары, төрайымдары жумуш орундары, керектүү эмерек жана кеңсе буюмдары менен камсыздалган", — деп айтылат маалыматта.
Коомдук алдын алуу борборунун кызматкерлери жарандардын жазуу жана оозеки кайрылууларын кабыл алат, жергиликтүү калкка көйгөйлөрдү чечүүдө практикалык жардам көрсөтүп, укук бузуулардын алдын алууга багытталган жолугушууларды уюштурат.
Курулуштун демилгеси Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан көтөрүлүп, ал мэриянын жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашкан. Жалпы 400 миң сом жумшалганы айтылды.
ИИМ жана өкмөт мүчөлөрү Ноокен эли менен жолукту. Көтөрүлгөн маселелер