Парашют менен аянтка түшүшөт. Бишкекте Улуттук гвардиянын 30 жылдыгы белгиленет

Аянттагы иш-чара саат 18:00дө башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Эртең, 17-июлда, "Ала-Тоо" аянтында Улуттук гвардиянын 30 жылдык мааракесине карата майрамдык иш-чара өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирип, кыргызстандыктарды майрамга чакырды.
Ага ылайык, иш-чара саат 18:00дө башталат. Анда "Пантера" отрядынын аскерлери парашют менен аянтка түшүшөт. Мындан тышкары, Ардак кароол ротасы жана аскердик оркестр демонстрациялык номер тартуулап, иш-чара Улуттук гвардиянын салтанаттуу маршы менен аяктайт.
Белгилей кетсек, иш-чара учурунда "Ала-Тоо" аянты жабык болот.
Казыбек казалчынын 120 жылдыгы. Министрлик өтчү иш-чараларды тизмектеди