ЖМК: АКШ Киевдеги элчилигинин ишин токтотту

Буга чейин бийлик өз жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. АКШнын Киевдеги элчилиги ишин токтотконун Sputnik Беларусь Telegram-каналы аркылуу билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда өкүлчүлүктүн имараты жабык турат.
"Американын Киевдеги элчилиги өз ишин токтотту. Имарат жабык, кызматкерлери көрүнбөйт", — деп жазылган кабарда.
Буга чейин АКШ бийлиги өз жарандарын Украинанын аймагынан чыгып кетүүгө чакырган. Дипломатиялык миссиянын айтымында, Украинадагы кырдаал туруксуз деп бааланууда. Элчилик абал кескин курчуп кетиши мүмкүндүгүн белгилеген.
Мындан тышкары, АКШнын Одессадагы консулдугу да ишин токтотуп, имараты жабык турганы белгилүү болду.
Шойгу Киев режиминин элге сокку уруу мүмкүнчүлүгүн бөгөттөөнү тапшырды