Бишкек: Жаш гвардия бульварында китеп алмаштырып кетүүгө шарт түзүлдү. Сүрөт

Бул саамалыкка калаанын ар бир тургуну катыша алат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бишкектин Жаш гвардия бульварында окуганды жакшы көргөндөр жаккан китебин башкасына алмаштырууга шарт түзүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 2

Бишкектин Жаш гвардия бульварында окуганды жакшы көргөндөр жаккан китебин башкасына алмаштырууга шарт түзүлдү

2 / 2

Китеп шкафтары бульвардын аймагына коюлуп, ал жерге келгендер өзүнө жаккан чыгармалар болсо тандап, айырбаштап кете алат.

Китеп шкафтары бульвардын аймагына коюлуп, ал жерге келгендер өзүнө жаккан чыгармалар болсо тандап, айырбаштап кете алат.
"Шаардыктар өз китебин калтырып, ордуна башкасын алса болот. Бул саамалыкка ким кааласа катыша алат", — деди мэриядан.
"Беш китептин бет ачары": Абдыкерим Муратовдун китептеринин таанытымы өттү