БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Алматыдан Ысык-Көлгө авиакаттамдардын саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Алматы — Тамчы — Алматы багыты боюнча кошумча каттамдар ачылды.
"Буга чейин Алматыдан Ысык-Көлгө жумасына эки ирет гана каттам аткарылса, эми SCAT авиакомпаниясы туруктуу каттамдарды жумасына төрт жолу, тагыраагы, дүйшөмбү, шейшемби, жума жана ишемби күндөрү аткарып турмакчы", — деп жазылат билдирүүдө.
Буга чейин "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы 2022-жылдын жай мезгилинде "Ысык-Көл" аэропортунан кайсы өлкө жана шаарларга учса болорун айтып, тизме жарыялаган.