Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина күчтөрү Донецкидеги университетти аткылады. Видео

18-июнда Украина Куралдуу күчтөрү Донецкинин Улуттук техникалык университетин аткылоого алган. ЖОЖдун Украина тараптын аткылоосунан кийинки абалын Sputnik Кыргызстандын ал жерге барган кабарчылары көрсөтүп бермекчи.
Sputnik
"Донецк Улуттук техникалык университетинин аткыланган имараты биз жашаган мейманканадан 400 метр аралыкта жайгашкан. Бул Донецкинин борбору. 18-июнда Украина Куралдуу күчтөрүнүн ракетасы келип түшкөн. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес, себеби ал күн ишемби эле", — деди Sputnik Кыргызстандын баяндамачы редактору Таалайбек Ороскулов.
Снаряд талкалап кеткен университетте экономисттерди, программисттерди даярдачу. Журналисттер Донецкинин борборунда да жарылуунун добушу сейрек эмес угулуп турарын айтышты.