ШКУнун баш катчысы Беларустун уюмга кирүү боюнча арызын алганын тастыктады

Эл аралык уюмга жакында Иран да киргени турат, ага удаа эле Беларусь кошулчудай.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Беларустун Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) кирүүгө берген арызы келди, бирикме юридикалык процедураларды баштоого даяр. Бул тууралуу ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин маалымат жыйында айткан.
"Чындыгында эле Беларусь ШКУга толук мүчө болуу үчүн расмий арызын берди", — деди Чжан Мин.
Анын айтымына караганда, "бул Минскинин ШКУнун баалуулуктары, принциптери Беларустуку менен дал келет деген жыйынтыкка келгендигин көрсөтөт".
Буга чейин Беларусь кирүүгө арыз бергенин, ШКУга кабыл алуу процедурасы 15-16-сентябрда Өзбекстанда өтө турган саммитте башталарын өлкөнүн ТИМ башчысы Владимир Норов билдирген.
ШКУ — 2001-жылы негизделген эл аралык уюм. Шанхай кызматташтык уюмуна учурда Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Байкоочулар — Афганистан, Беларусь, Иран жана Монголия. Өнөктөш өлкөлөр — Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия, Шри-Ланка.
Душанбе шаарында 2021-жылы сентябрда өткөн саммитте Иранды аталган уюмга кабыл алуу боюнча иштер башталган. Андан сырткары, өнөктөш макамын Египет, Катар жана Сауд Арабиясына берүү талкууланган.
Иран ШКУга кабыл алынат, Беларусь да кирүү ниетин билдирүүдө